БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Насыя алган адам каза болгон учурда банктын алдындагы жоопкерчилик ага кепил болуп, кол коюп берген адамына өтөбү? Бул суроого юрист Владимир Плужник Sputnik Кыргызстан радиосуна берен маегинде жооп берди.
"Биринчиден, бул эмне экенин жана ал эмнеге коркунуч туудурарын аныктап көрөлү. Төлөө үчүн кол коюп, кепил болуу (поручитель) – насыя алган адамдын банктын алдындагы милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуу ыкмасы. Жөнөкөй сөз менен айтканда, кепилдик берген жак карыз алган адам үчүн жооп берет", — деди Плужник.
Адистин айтымында, Жарандык кодексте "Кепилдик берүүчү жак банктын алдында карыз алуучу тарабынан өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарышы үчүн жооп берүүгө милдеттүү" деп жазылган. Башкача айтканда, карыз төлөнбөгөн учурда насыя алган жаран жана анын кайра төлөшүнө кепил болгон киши экөө бирдей жоопкерчиликте болушат. Эгерде карыз алуучу акчаны төлөөдөн баш тартса, банк экинчисинен талап кыла алат.
Юрист насыя алган киши каза болуп калган кырдаал жаралышы мүмкүн экендигин эске салды.
"Кээ бир банктар кепил болгон адамды карызды төлөөгө мажбурлоого аракет кылышат. Бул учурда бир нече ньюанстар бар. Жарандык кодекске ылайык, насыя алган адамдын өлүмү менен милдеттенме (насыя) токтотулат. Насыялык милдеттенмелер карыз алган адамдын мураскерине же керээз (завещание) боюнча мураскор болгон болгон адамга өтөт. Эгерде маркумдун мүлкүн бир нече адам бирдей үлүштө мураска алышса, анда алар ошол эле пропорцияда банкка насыяны төлөөгө милдеттүү болот", — деп түшүндүрдү юрист.
Адис эгерде туугандар менен мамилени бузгуңуз келбесе, акча жоопкерчилигин албай эле койгон туура экендигин кошумчалады.