Нарында эгемендүүлүк майрамы чоң салтанат менен өттү. Сүрөттөр

Майрамдык иш-чара театралдаштырылган оюн-зоок, концерттик программа менен коштолуп, өнөр ышкыбоздору майрамдык маанай тартуулашты.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 6

Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара уюштурулду.

2 / 6

Маалым болгондой, салтанатка жергиликтүү жашоочулар, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, президенттик администрациянын Нарын облусу боюнча куратору Сабыркул Ашимбаев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев катышып, Нарын элин бүгүнкү эгемендүүлүк күнү менен куттукташты.

3 / 6

Майрамдык иш-чара театралдаштырылган оюн-зоок, концерттик программа менен коштолуп, өнөр ышкыбоздору майрамдык маанай тартуулашты.

4 / 6

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара

5 / 6

6 / 6

"Асманынан шумкар айланган, тоолору булут челген, жайнаган малы, арча жыттанган абасы бар, кашкайган мөлтүр суу аккан, ак калпактуу эли бар өлкөбүздүн эгемендик күнү менен жалпы Нарын элин, меймандарын чын жүрөктөн куттуктайм! Соңку кылымда адамзат акылы тоолорду томкоруп, деңиз бетине шаар куруп арал жараткан, жоктон бар кылган технологияларды ойлоп, таап жаткан дүйнөлүк империялар катарында тең тайлаша, келечек куруп келе жатабыз. Мындан ары өлкөбүз өнүгүп, күчтөнүп, элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болсун!" — деди Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев өз куттуктоо сөзүндө.
Майрамдык иш-чара театралдаштырылган оюн-зоок, концерттик программа менен коштолуп, өнөр ышкыбоздору майрамдык маанай тартуулашты.
Эгемендиктен өткөн бакыт да, байлык да жок! Садыр Жапаров кыргыз элин куттуктады
Кыргызстандагы соңку кабарлар жана окуялар.