Киви, картошка, ашкабак... Кабыгы пайдалуу 13 жашылча-жемиш

Төмөндөгү тизмеде таптакыр биз элестетпеген жашылча-жемиштер да бар.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Адатта аарчып жеген жашылча-жемиштердин ичине караганда кабыгында пайдалуу заттар көбүрөөк болот. Аларды "Доктор Питер" сайтына берген маегинде эндокринолог Зухра Павлова менен молекулярдык диагностика боюнча адис Екатерина Антипова санап берди.
Алар берген маалыматка караганда А, С витаминдери, клетчатка жана мыкты антиоксиданттар дал ушул кабыкта сакталат.
Кабыгы пайдалуу жер-жемиш менен жашылчалар:
Шабдалы. Кабыгында антиоксиданттар көп, көбүнесе боордо майдын топтолушун азайтат.
Бадыраң. Бадыраңдын кабыгы клетчаткага, калийге жана бета-каротинге бай.
Кара өрүк. Бул жемиш ичегилерге абдан пайдалуу. Курамында клетчатка жана С витамини арбын.
Киви. Кадимки кивинин кабыгын жесе болот. Ал С витамини менен калийге бай.
Жүзүм. Бул мөмөнүн кабыгында антибиотиктин ролун аткарчу ресвератрол заты бар.
Баклажан. Витаминдердин басымдуу бөлүгү кабыгында. Алар холестериндин деңгээлин төмөндөтөт.
Ашкабак. Кабыгы метаболизмди тездетип, заараны айдайт. Тамактын сиңүүсүн жакшыртат.
Алма. Кабыгында клетчатка, А, С витаминдери бар. Ошондой эле ал жүрөк ооруларын жана аллергияны алдын алуу касиетине ээ.
Алча. Кабыгында фолий кычкылы көп.
Помидор. Кабыгында простата безинин рагын алдын алып, организмдеги сезгенүүнүн деңгээлин төмөндөтүүчү нарингенин заты бар.
Алмурут. Кабыгындагы пайдалуу заттар Альцгеймер, рак сыяктуу кооптуу илдеттерден коргой алат.
Картошка. Картошканын биз аарчып ыргытып жиберген кабыгында темир, калий заттары жана фолий кычкылы арбын.
Абрикос. Жүрөк ооруларын алдын ала турган пектин, бета-каротин заттары, А, С жана Е витаминдери бар.
Кышкыга тоңдурулган мөмө кандай учурда зыянын тийгизет? Диетологдун жообу