Чуңкурчакта ири жол тыгыны пайда болду. Видео

Күбөлөрдүн айтымында, миңден ашык автоунаа бир нече сааттан бери тыгында турат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүп жаткан Чуңкурчак жайлоосунда чоң тыгын пайда болду.
Ал жердегилердин айтымында, миңден ашуун автоунаа бир нече сааттан бери жол тыгында турат.
1 / 3

Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүп жаткан Чуңкурчак жайлоосунда чоң тыгын пайда болду

2 / 3

Ал жердегилердин айтымында, миңден ашуун автоунаа бир нече сааттан бери жол тыгында турат

3 / 3

Бүгүн жайлоодо Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө

Бүгүн жайлоодо Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө. Ага президент жана биринчи айым, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, депутаттар, элчилер, экс-президенттер жана башка миңдеген кыргызстандыктар катышууда. Жайлоодо боз үй шаарчасы тигилип, ат оюндары өтүп, концерттик программа тартууланууда.
Байтиктин Боз-Бөлтөгүн сактайлы! Баатырдын 200 жылдыгындагы Жапаровдун кайрылуусу