Кыргыз көчү, ордо ойногон уландар. Чуңкурчактагы салтанаттан тартылган сүрөттөр

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы Чуңкурчак жайлоосунда салтанаттуу белгиленди. Ага удаа эле Байтик баатырдын 200 жылдыгы да өттү.
Sputnik
Майрамдык иш-чарага жөнөкөй жарандардан тарта жогорку даражалуу бийлик адамдарына дейре келишти.
1 / 15

Жайлоого 200дөн ашуун боз үй тигилип, жети дубан, эки шаар өзүнүн айылдарын курган

2 / 15

Президент Садыр Жапаров мындан кийин эгемендүүлүк майрамы кезек-кезеги менен ар дубанда өткөрүлөрүн билдирди

3 / 15

Майрамдык иш-чаралар өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү аземи менен башталды

4 / 15

Чуңкурчак жайлоосунун кире беришине Кыргызстандын мамлекеттик туусу 31 метр бийиктикке көтөрүлдү

5 / 15

Сахналаштырылган көрсөтүүдө өлкөнүн көз карандысыздыкка жеткенге чейинки тарыхы чагылдырылды

6 / 15

Майрамдык салтанатка миңдеген адам келип, Чуңкурчактын ичи толо түштү

7 / 15

Артисттер тарыхый инсан Байтик баатырдын басып өткөн жолу, анын ичинде элин коргогон эрдиктерин чагылдырып беришти

8 / 15

Жайлоодогу майрамга жаш-кары дебей баары чогулган

9 / 15

Баатырлардын кармашынан тартылган кадр

10 / 15

Элечекчен апалар бата берип жатат

11 / 15

Байтиктин атасы Канайга уу берип өлтүрүп кеткен Кокон хандыгынын аскерлери

12 / 15

Көз карандысыздыкты сактап, улуу муундун жолун улоочу балдар

13 / 15

Ордо атып чер жазган уландар

14 / 15

Сүрөттө кыргыз көчү

15 / 15

Кыргыз маданиятын мүнүшкөрсүз элестетүү кыйын

Тема боюнча:
Тар жол, тайгак кечүү... Кыргызстандын 31 жылда басып өткөн жолу видеодо
Байтик баатыр. XIX кылымдагы дипломат жана кол башчы
Кыргызстандын 31 жылдык тарыхы бир мүнөттүк видеодо