Байтик баатыр.
XIX кылымдагы дипломат жана кол башчы
Байтик баатыр.
XIX кылымдагы дипломат жана кол башчы
31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгын белгилейт. Далай уул-кыздын кан-жаны менен келген эгемендүүлүк быйыл атактуу Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси менен катарлаш өтүп жатат. Бул тарыхый инсан Чүй өрөөнүндө Кокон хандыгынын бийлигин кулатууда чоң роль ойногон.

Сунушталып жаткан материалда кыргыздардын 19-кылымдын 2-жарымына чейинки мезгилде ири державалар менен мамлекеттердин ортосундагы тарыхый геосаясий баскынчылыгына туруштук берип, Ата Мекенин сактап, коргоо үчүн жасаган иш-аракеттерин кыскача тизмектеп бергенге аракет жасадык.
Байтик баатырдын төрөлүшү
Тарыхчылар Кушбек Үсөнбаев менен Токторбек Өмүрбековдун маалыматы боюнча 1822-жылы күздө солто уруусунун манаптарынын бири, Түлөберди баатырдын баласы, далай жыл солто уруусун солк эттирбей башкарган Канай бий уулдуу болуп, атын Байтик деп атайт. Ал эми илимпоз Кыяз Молдокасымовдун айтымында, айрым архивдик документтерде бул тарыхый инсан 1823-жылы жарык дүйнөгө келген деген маалымат бар.
Байтик Канай бийдин үчүнчү аялынан Ала-Арчанын этегиндеги айылда төрөлгөн деп айтылат санжыра-баяндарда. Эгин орулуп, бооланып, байтик кылып кургасын деп дыйкандар боолорду топтоп койгон күздүн күнү Канай жайлоодон түшүп, жатакка келсе токолу жаңы төрөгөн экен. Ымыркайды ороп-чулгап, аялы Канайдын алдына алып келип: "Баатыр, уулуңузга ысым коюңуз" дейт. Ал эки жакты карап, байтик болуп турган эгиндерди көрүп: "Балаңдын аты Байтик болсун" дептир. Байтиктин энеси Таластын башындагы кушчу уруусунун кызы болгон. Кара торунун сулуусу экен, ай чырайлуу, нур жүздүү чүрөктү Канай бий Бүргө баатырга кадыр салып, чоң каада менен алган деп айтылат элдик баяндарда.
Байтиктин бала чагы Ала-Арча суусунун жанында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунда өткөн. Академик Кушбек Үсөнбаевдин маалыматына таянсак, Байтик жаштайынан чыйрак өсөт. Ат кулагы менен тең ойноп, аскердик улуттук оюндарга ыктап турчу экен. Айланасына жигиттерди топтоп алып, торпок жарыштарды көп уюштуруп "Канайлап" ураан чакырганын, коңшу уруулардын малын чаап, жылкысына тийип турганы аңыз болуп айтылат. Курдаштарынын арасынан акылмандыгы, өткүр мүнөзү, көрөгөчтүгү жана чукугандай сөз тапкандыгы менен айырмаланган. Байтик келбети менен өзгөчөлөнүп турчу экен. Ырым-жырым, каада-салтты бек кармаган Канай бий баласынын барган сайын эл оозуна көбүрөөк алына баштаганын байкап көз тийбесин деп, бир эсе эл-жер көрүп кагылып-согулсун деп Байтикти Таластагы таякелерине жиберген.
Байтик Кокон хандыгынын сарбаздары менен сыпайларынын (аскерлер) Түндүк Кыргызстанга баскынчылык жортуулдарына күбө болгон, кыргыздарга жасаган зордук-зомбулугун көргөн. Дал ушул себептен улам бала кезден эле баскынчыларга каршы күрөшүүнү ойлонуп, Кокон хандыгы кандай түптөлгөн, бул мамлекет эмне үчүн кыргыздарды баш ийдирүүгө кызыкдар деген суроого жооп издей баштайт.
Казак кайың саап, кыргыз Ысар менен Көлөпкө киргенде
Кокон хандыгы түптөлгөнгө чейин нечендеген жылдар бою кыргыздар жунгар баскынчыларына каршы салгылашкан. "Казак кайың сааганда, кыргыз Ысар менен Көлөпкө киргенде" деген ылакап ошол кезден калган. Ачарчылыкта кайыңдын ширесин агызып ичип жан баккан казактардын бир кыйла бөлүгү Самарканд, Бухара жана Коженттен баш паанек табат. Ал эми теңир-тоолук кыргыздар азыркы Тажикстандын Гиссар, Куляб, Памир-Алайына, Ферганага качышкан. Бирок күрөш улана берет. Маматкул, Тынай, Качыке, Кошой, Нышаа, Бердике, Туубий, Каработо өңдүү баатырлар ошол кезде чыккан. 1758-жылы Жунгар хандыгын манчжурлар башкарган Цин империясы кыйратат. Манчжурлардын армиясы ойроттордун 80 пайызын жок кылган. Ошентип бир кылымдан ашык Борбордук Азияда өкүм сүргөн жунгарлар тарыхый картадан толугу менен жоголот. Бул элдин айрым бөлүгү кыргыз, казак, өзбек жана орустарга качып аман калат.
Кокон хандыгынын түптөлүшү
1709-жылы Фергананын борбордук бөлүгүндө теги көчмөн өзбектердин миң уруусунун башчысы Шахрух-бий ири феодалдар менен көчмөн тайпаларга таянып мамлекет түптөйт. Борбору Кокон шаары болуп, Кокон хандыгы деп аталат.
Байтиктин такшалышы
Тарыхчы Токторбек Өмүрбековдун маалыматы боюнча, Байтик Таласка таякелерине келип, саруу уруусунун бийи Ажыбек датка менен жакындан таанышат. Бул киши кыргыз урууларынын арасында кадыр-барктуу жана Кокон ордосунда таасири чоң кыргыз төбөлдөрүнүн бири эле. 1842-жылы ал Талас, Аксы, Чаткал жана Кетмен-Төбө аймактарындагы кыргыздарды уюштуруп Кокондун тактысына Шералы ханды отургузууга салым кошкон. Байтик Ажыбек даткадан Кокон ордосунун ички жана тышкы саясатынын сырларын билет. Ал Ажыбек датканын ишенимине кирип, анын уулу Нурак менен жан кыйышпас дос болот. Мындан сырткары, Байтик атактуу манасчы Балыкооз менен достошот. Кай бир учурда Байтик жогорку бийликтегилерге моюн толгогон, бычак мизине түшүп кала турган жоруктарды да жасап жиберген. Мисалы, ал Кокон ханынын Меркедеги акиминин сулуу келинин тартып алган. 1845-1846-жылдары Байтик түрдүү себептер менен Таласта туруп калган жүздөн ашуун солто жана сарыбагыштарды ээрчитип Чүйгө кайтат. Ошол маалда казактардын акыркы ханы Кененсары Касымов Чүйдөгү кыргыздарга баскынчылык жортуулун баштаган эле. Ал ХVIII кылымда кыргыздарды багынтууга аракеттенген Абылай хандын небереси болгон. Түндүк кыргыздарды баш ийдирүүнү көздөгөн Кененсарынын желдеттери бир топ эле мыкаачылыкты көрсөтүшкөн.
1847-жылы Кененсарыга каршы Токмокко жакын Оро-Башыдагы салгылашууга Байтиктин солто уруусунан топтогон кошууну катышкан. Ормон хан баштаган бириккен күч жоонун таш-талканын чыгарат. Натыйжада кыргыздар Кененсары менен анын эки уулун, иниси Ноорузбай баатыр жана 15 султанын туткундашат. Тарыхчы Өмүрбек Токторбековдун пикиринде, солто уруусунун башчысы Жангарач бий Кененсарыны жеңүүгө чоң салым кошкон. Ал Байтик баатыр менен ага-ининин балдары, Канайдын бир тууганы Эшкожонун баласы болгон. Кененсарынын тыңчылары ага баатырлыгы менен сыпайылыгы бирдей экен деп тамшанып мүнөздөмө беришкен. Туткундалган Кененсары менен Ноорузбай өлүм жазасына тартылат. Кыргыздар дагы бир жолу эркиндигин сактап калган.
Кыргыздардын Россияга ыкташы
Ошол учурда Көл кылаасындагы бугу уруусу Россияга ыктай баштаган. 1843-жылы ысык-көлдүк кыргыздар Каракол, Барскоон, Коңур-Өлөң чептеринен кокондук сарбаздарды сүрүп чыгарат.

1844-жылы бугулардын башчысы манап Боромбай Бекмуратов Батыш Сибирдин генерал-губернаторуна элчи кылып бий Шералы уулу Качыбекти жиберип, орус мамлекетинин букаралыгына өтүү өтүнүчү менен кайрылат. Боромбай манап Санкт-Петербургга элчи жиберүүнү өтүнөт. Бирок Россия Англия, Цин империясы жана Кокон хандыгы менен кагылышуудан чочулаган. 1854-жылдын кышында гана орус падышалыгы Боромбайдын өтүнүчүн орундатат. 1855-жылы Омск калаасында Батыш Сибирдин акими генерал Густав Гасфорддун ак сарайында Боромбайдын элчиси Шералы уулу Качыбек Куран китебин кармап бугулардын атынан Россиянын курамына кирүү жөнүндө ант берет. Орус бийлигинин өкүлдөрү бул документке кол коёт. Андан бир жыл мурун Россия казактардын Улуу жүзүнүн территориясынан кокондуктарды сүрүп, Верный шаарын салып, Ала-Тау округун негиздеген.
Байтикке Жангарачтын жол бошотушу
1854-1855-жылдар аралыгында Байтик Кеминдеги сарыбагыштардын манабы Жантайга конокко барат. Жантай Жангарач бийдин кан кудасы эле, өзгөчө сый менен тосуп алат. Бир айга чукул өргүгөн Байтик Жантай менен ар кыл түйүндүү маселе боюнча ачык аңгемелешип, айрым сырлары менен бөлүшөт. Жантайдын уулу Шабдан менен да таанышат. Байтиктин бара-бара кадыры артып, Жангарач бий ага жол бошотот. Бийлигин бекемдөөнү көздөп, Байтик баатыр атактуу Балыкооз ырчыга жигиттеринен беш төө жетелетип, Чүйгө көчүп келүүсүн өтүнгөн. Балыкооз жамы кыргызга белгилүү чоң манасчы, кара жаак, жез таңдай акын болгондуктан эл арасында баркы укмуш болчу. Чүйгө көчүп келген соң Балыкооз Байтиктин жакын санаалашы жана кеңешчисине айланат. Мындан сырткары, Байтик Олуя-Аталык казактардын көрүнүктүү төбөлү Керим датка менен куда болот.
Кыпчактардын кырылышы
Ошол маалда кыпчактар Кокон ордосунда бийлигин орнотууга аракет кылган. 1845-жылы кыпчактарды баштап-көздөгөн Мусулманкул 14 жашар Кудаяр ханды тактыга отургузуп өзүн аталык деп жарыялайт. Ошол эле жылы алайлык кыргыздар көтөрүлүп, Оштун тегереги да аларга кошулат. Мусулманкул Ташкенттен келгенге үлгүрүп, кыргыздарды аёосуз талкалайт. 1852-жылы октябрда Мусулманкулдун үстөмдүгүнөн тажаган Кудаяр хан ага кутум уюштуруп өлтүртөт да кыпчактарды тукум курут кылууга буйрук берген. "Тауарих хамса" аттуу тарыхый китепте кыпчактар менен кошо кыргыздар да курмандыкка чалынып кеткен деген маалымат бар. Кыпчактардын жерлери конфискацияланып, жарым баага сатылган. Бирок көпчүлүк кыпчактар тоодогу кыргыздардын арасынан баш паанек тапкан. Эл 20 миңден ашуун уул-кызынан ажыраган. Ушул кыргын кыргыздарды Кокон ордосунан дагы бир жолу иренжиткен. Кыргыздар менен коңшулаш дагы бир эл тарыхый аренадан ордун жоготот.
Байтик баатырдын Россиянын курамына кирүү ою
1860-жылдары Кокон хандыгы менен Россиянын ортосунда карама-каршылык күчөйт. 1860-жылы 23-августта Верный шаарынан полковник Аполлон Циммерман жетектеген орус аскерлеринин отряды чыгып Токмок калаасына чабуул коюп, аны ээлейт. Жүз кокондук сарбаз туткунга түшөт. Ошол күнү аларга подполковник Герасим Колпаковский жетектеген казак-орустардан турган бөлүк кошулат. 31-августта булар Пишпек чебин алат. Бул чептин акими теги кыргыз Атабек менен Алишер датка 627 сарбазы менен колго түшөт. Ошол эле убакта чүйлүк кыргыздар бейтарап болуп, тоого көчүп кетет. Бирок Пишпек жана Токмокту кайрадан кокондуктар ээлейт. Байтик бул кырдаалды талдап, орус империясынын кол астына өтүү тууралуу ойлоно баштайт.
Байтик баатырдын куулугу
Байтиктин мындай оюнан кийин Кокон хандыгынын Чүйдөгү акимдери солто уруусуна карата зомбулугун күчөтөт. 1861-жылы Мала хан Пишпек чебине Рахматулла бекти жиберет. Анын тушунда салыктар өсөт. Рахматулла бек кыргыз жол башчыларынын намысына тийип, алардын нааразылыгын күчөткөн. Россия империясынан чочулаган Кокон бийлиги чептерин чыңдап, күндөлүк ар түрдүү жумуштарга жергиликтүү калкты пайдаланган. Пишпек чебине жакындаган кыргыздардын малын сарбаздар кармап алып, алчусун алгандан кийин гана ээлерине араң кайтарып беришчү. Байтик да кокондуктардын ушундай тузагына илинип, жылкысынан айрылып кала жаздаган. Рахматуллага эки ирет кайрылып зорго кайтарган. Баскынчылардын мындай кылыгы эл менен Байтиктин жанына батат. Белгилүү тарыхчы Жаныбек Жакыпбековдун маалыматы боюнча, Пишпек чебинин беги Жангарач бийдин жылкыларын салык катары айдап кетип, зордук көрсөтүп турган.
Бирок Байтик ичиндеги нааразылыгын билгизбей Рахматулла менен ымаласын оңдомуш болуп козголоң уюштурууну ойлойт. Экөө убактылуу болсо да мамилесин оңдошот. Байтик сабаты ачылсын деген болуп баласы Байсалды Пишпек чебине жөнөтөт. Бирок кокондук бек аны тоготпогондой мамиле кылып, кыргыздарга зомбулугун уланта берет. Алтургай Рахматулла Байтиктин уулуна да ыдык көрсөтөт. Албетте, кокондук бектин адамгерчиликке жатпаган мындай кылыгы Байтиктин кыжырын кайнатат.
Ошондуктан Байтик эли менен кеңешип, жек көрүндү Кокон ордосунун өкүлүн өлтүрүп, көтөрүлүш чыгаруу чечимине келет. Мындан сырткары, ал сарыбагыштардын манабы Жантай менен кеңешип, бир учурда Пишпек менен Токмок чептерине чабуул коюуга макулдашат. Адегенде ал куулук жасап, Рахматулла бекти Боз-Бөлтөккө конокко чакырат, бирок чакырууга кокондук бек келбей коёт. Байтик экинчи ирет эң жакын жөкөрү Абулгазы миңбашы аркылуу тойго чакырат. Бул тойго Рахматулла бек 60 сарбазынын коштоосунда келет. Байтик аларды айылындагы карыялары менен бирге шаңдуу тосуп чыгат. Меймандарды ак өргөөлөргө бөлүп киргизип коноктой баштайт. Чай ичилгенден кийин кооз чапан, жибек кездемелер, баалуу аң-тери, күмүш жүгөндөр, кемер кур өңдүү белектерди тартууламыш болуп алаксытат. Бул маалда жигиттери сыпайлардын аттарынын үзөңгүлөрү менен басмайылдарын акырын кыйып коюшат. Той кызыган маалда Байтик жигиттерине белги берет. Алар Рахматулла бек конок болгон боз үйгө кирип, сарбаздарды өлтүрө баштайт. Кармашта сыпайлардын көбү өлөт. Аман калганы боз үйдү көңтөрүп жыгып, бегин эптеп атка мингизип, куткарып кетүүгө далбасташат. Бир нече сарбаз аны коштойт. Качкан Рахматулланы Байтиктин жигити Көкүм кууп жетип, найза менен сайып жарадар кылат. Андан соң солтонун уулдары Дуулат, Көкүм жана Чойбек биротоло көзүн тазалашат.
Байтик жигиттери менен Пишпек чебин курчоого алат. Чептеги алты жүз сарбаз коргонууга өтөт. Булар чептин базарында жүргөн кыргыздарды барымтага алган. Байтик улуу агасы Сатылганды Алатау округунун жетекчиси полковник Герасим Колпаковскийге жиберип, "Рахматулла бек өлтүрүлдү, Пишпекти алууга жоокерлерди жибергиле, Чүй кыргыздары Россиянын карамагына өтүүгө даяр" деп кабар берген. Мындан сырткары, ал чепти курчоого алганын башка ири манаптарга жана сарбагыштарга айттырат. Сарбагыштардын манабы Жантай шашылыш кол жыйнап, Токмок чебин курчоого алат. Ыкчам аракеттердин натыйжасында чепти ээлеп, сепилдеги сыпайларды туткундайт.
Мындай ыңгайлуу абалды колдон чыгаргысы келбеген Колпаковский аскерлери менен келет. Байтик ага жолугуп, орус жоокерлерине кандай жардам керек болсо эч аянбай тургандыгын айтып, жигиттери менен Россиянын кошуунуна кошулат. Ал орус аскерлерин азык-түлүк, унаа жана боз үйлөр менен камсыздаган. Жоокерлерге чептин түштүк жагынан алысыраак жерди казып, чептин ичине киргиле деп кеңеш берет. Байтиктин кеңеши менен алар сепилди тышынан казып отуруп, чептин дал ортосунан чыгышкан. Ошентип 1862-жылы орус аскерлер Пишпек менен Токмокту экинчи ирет ээлейт. Колпаковский Пишпек сепилин алууда Байтиктин ролун жогору баалап, Сибирь корпусунун командири генерал Александр Дюгамелге "бул чепти алуу учурунда Байтик өзүн аябай мыкты алып жүрдү. Ал жогорку даражадагы сыйлыкка арзыйт" деп мүнөздөмө кат жөнөткөн. Ошентип Чүй жана Кемин өрөөндөрү Кокон хандыгынын эзүүсүнөн кутулат.
1863-жылы майда орус аскерлери Жумгал жана Куртка чебинен сарбаздарды сүрүп чыгарат. Ал эми Тогуз-Торо менен Ат-Башы чептерин жергиликтүү кыргыздар өз күчү менен талкалашкан. Байтиктин Кокон хандыгына каршы салгылашы кыргыздарга дем берген десек болот.
Өткүр көздүү жол башчы
1863-жылы Байтик баатыр эки жүз жигити менен орус аскерлерине кошулуп Мерке чебине кол салып, сарбаздарды сепилден сүрүп чыккан. 1864-жылы полковник Михаил Черняевдин отрядын жигиттери менен коштоп, Олуя-Ата жана Чымкент чептерин кокондук баскынчылардын запкысынан бошотууга катышкан.
1867-жылы Байтик баатыр Орто Азиянын дагы башка 17 өкүлү менен биргеликте Россиянын падышасы Александр II Санкт-Петербургда уюштурган салтанаттуу кечеге чакырылат. Бул кечеде орус падышасынын атынан ага капитан наамы ыйгарылат. Андан тышкары, ал 3-даражадагы "Ыйык Станислав" ордени менен сыйланат. 1872-жылы 31-октябрда "Туркестанские ведомости" гезити аны "Байтик Пишпектен анча алыс эмес жерде жашайт. Азыр ал 60 жаштын тегерегинде, бою бийик, үнү айбаттуу, кең далылуу, өткүр көздүү, чоң сакалы бар, баскан-турганы салабаттуу киши. Кыска бойлуу, эби-сыны жок кара кыргыздардын ичинен айырмаланып турат" деп жазган.
Байтик баатыр 1886-жылы 64 жашында эрте жазда өзүнүн кыштоосунда (азыркы Аламүдүн районундагы Байтик (мурдагы Орто-Алыш) айылында) бу дүйнө менен кош айтышат. Сөөгү Боз-Бөлтөк тоосунун этегине коюлуп, күмбөз тургузулган. Байтик баатырдын аркасында жети уулу калган. 1991-жылы Орто-Алыш айылына Байтиктин ысмы ыйгарылат. Урпагы Эмил Сырымбетовдун айтымында, Байтиктин тукуму 1920-жылдары башка кыргыз ак сөөктөрү сыяктуу эле саясий куугунтукка дуушар болгон. Бүгүнкү күндө Байтик баатырдын тукуму Байтик айылында бир көчөдө жашайт.
Автор
Алмаз Батилов

Маалымат булагы:
КР борбордук кинофотофонодокументтер архиви, Кыргызстан тарыхынын экинчи тому, Токторбек Өмүрбековдун "Улуу инсандардын Кыргызстандагы ролу жана орду" китеби, Анварбек Хасановдун "Взаимоотношения киргизов с Кокандским ханством и Россией в 50-70 годах ХIХ века", Абылабек Асанкановдун "История Кыргызстана" китеби, Жаныбек Жакыпбековдун 1991-жылы "Ала-Тоо" журналына чыккан "Байтик баатыр" аттуу илимий макаласы, ачык маалыматтар

Фото
Материалга КР мамлекеттик кинофонофотодокументтердин борбордук архивинен "РИА Новости" маалымат агенттигинин, Эмиль Сырымбетовдун айрым иллюстративдик сүрөттөрү колдонулду

Дизайнер
Тьерри Махасуру
Жаңылыктар түрмөгү
0