Августта мамкызматкерлердин маянасын жогорулатууга 7 млрд. сом жумшалды

58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысы көбөйгөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бюджеттик сектордогу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасын көбөйтүүгө 7 миллиард сомго жакын каражат жумшалды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
1-августтан тарта 58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысын жогорулатуу каралган.
Алар төмөнкүлөр:
мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер;
мамлекеттик мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер;
кенже техникалык тейлөө персоналы;
күч түзүмүнүн жарандык жана эмгек келишими боюнча иштеген, кызматта турбаган жана наамы жок кызматчылар.
Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы канчага көбөйдү. Тизме