Таласта баңги топтун мүчөсү болгон Казакстандын жараны кармалды

Кармалган адам 2020-жылдагы 10 килограмм гашиш табылган окуяга шектелип издөөдө жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Таласта эл аралык баңги топтун мүчөсү болгон Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2020-жылдын сентябрь айында Чүй облусунда эки кыргыз жараны кармалып, алардан 10 килограмм өлчөмүндө афган тектүү гашиш баңгизаты табылган. Тергөө учурунда аталган баңгизатты казакстандык К.Е.Б. аттуу адам Таластан тосуп алып, андан ары өз өлкөсүнө алып барып сатууну көздөгөнү аныкталган.
Быйыл 28-августта К.Е.Б. кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунан өтүп жатканда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкекте Ирандын жараны 45 млн. сомдук баңгизат алып келген деп кармалды