Путин мигранттар үчүн адаптация борборлорун ачуу идеясын колдоду

Президент мигранттарды Россияга көндүрүү боюнча иштерди алардын мекенинде баштоо керектигин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин РФтеги мигранттар үчүн адаптация борборлорун ачуу идеясын колдогонун "Известия" басылмасы жазды.
Билдирмеге караганда, Улуттардын иши боюнча федералдык агенттиктин башчысы Игорь Баринов Владимир Путин менен жолугуп, мигранттардын социалдык обочолонуусуна жол бербөө боюнча иштер башталганын айтып, адаптация борборлорун түзүүнү сунуштаган.
Өз кезегинде Путин бул идеяны колдой турганын айтып, мигранттарды Россияга көндүрүү боюнча иштерди алардын мекенинде баштоо керектигин кошумчалаган.
"Мен кесиптештер менен сүйлөшкөндө эч ким каршы болгон эмес. Тескерисинче, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан бул ишти колдойт. Алар деле жарандары өлкөдөн кетип Россияга келерде биздин маданият, тил жана мыйзамдарды билүүсүнө кызыкдар", — деген Путин.
Маалым болгондой, 2020-жылдан бери Россияда 7 миллиондон ашык мигрант мыйзамдуу эмгек ишмердүүлүгүнө уруксат алган.
Жапаров ЕАЭБ жыйынында мигранттардын шартын жеңилдетүү жолдорун сунуштады