Мамкурулуш жаңы стадионду курууга даярдыкты баштады. Сүрөт

Буга чейин өкмөт жаңы стадион Сокулук районунун Орок айыл аймагына салына турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги жаңы футболдук стадиондун курулушуна даярдык иштерин баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, учурда стадион салына турчу жердин айланасы тосулууда. Мындан тышкары, футболдук стадиондун курулушунун варианттары талкууланып, ага чет жактан инвестиция тартуу процесси жүрүп жатканы белгиленди.
Буга чейин өкмөттүн маалымат кызматы жаңы стадион Сокулук районунун Орок айыл аймагында 20,78 гектар аянтка курула турганын билдирген.
Ал эми президенттик администрациядан спорттук жайдын курулушу боюнча иштер августта башталып, болжол менен эки жылдан кийин аяктай турганын айткан. Долбоорду Европадан келген, бул багытта тажрыйбасы бар компания алып барары кабарланууда. Спорттук комплекске баш-аягы 22,5 миң көрүүчү сыймакчы.
Пресс-борбор
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун ким каржылайт? Варианттар