Кыргызстандык эки бала министрлик жана РФтин компаниясынан протез алды

Колго кийиле турган протездер бөбөктөргө окууда, спорт жана күнүмдүк жашоосунда жакшы жардамчы болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандык эки бала Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлиги, протездерди иштеп чыгып, аны жасоого адистешкен "Моторика" компаниясынан колго кие турган протез алды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдирди.
Кыргызстандык эки бала Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлиги, протездерди иштеп чыгып, аны жасоого адистешкен "Моторика" компаниясынан колго кие турган протез алды
25-26-августта Кыргызстанда "Моторика" компаниясы министрлик менен биргеликте протездөөгө арналган жолугушуу өткөргөн.
25-26-августта Кыргызстанда "Моторика" компаниясы министрлик менен биргеликте протездөөгө арналган жолугушуу өткөргөн
"Россиялык компания эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен биргеликте республикадагы ортопедиялык ишканаларга семинар өткөрдү. Эки балага колго тагылчу протез тапшырды. Бул жабдуу бөбөктөргө окуусунда, спорт жана күнүмдүк жашоосунда жакшы жардамчы болмокчу", — деп айтылган кабарда.
Маалыматта Кыргызстанда 311 адам протезге муктаж болсо, алардын 26сы балдар экени айтылган. Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер кабинети жыл соңуна чейин 26 баланы протез менен камсыз кылуу чечимин бекиткени айтылган.
Радио
Жайлообаева: протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине кадр жетишпейт
Кыргызстандагы соңку кабарлар жана окуялар.