БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан жаракат алып, эс-учун билбей жаткан төртүнчү өспүрүм каза болду. Маалыматты Кара-Көл шаардык ооруканасынан тастыктады.
Маркум 16 жашта болгон. Учурда дагы бир жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 390-чакырымында, тагыраагы, Кара-Көл шаарында Subaru Outback үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четинде токтоп турган фуранын чиркегичин сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен беш эркек киши жабыркаган. Алардын ичинен 16 жаштагы эки бала мүрт кеткен, үчүнчүсү ооруканага жеткирилгенден кийин үзүлгөн.