РФ Коопсуздук кызматы Дугинанын өлүмүнө шектүү дагы бир кишинин видеосун чыгарды

11 мүнөткө созулган видеороликте Украинанын диверсиялык тобунун мүчөсү Цыганенконун 30-июлда Россияга украин паспорту менен Эстония аркылуу киргени көрүнүп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Россиянын Федералдык Коопсуздук кызматына караштуу коомдук байланыш борбору журналист Дарья Дугинанын өлүмүнө тиешеси бар дегендердин бири Богдан Цыганенконун Россиянын аймагына кирип, Наталья Вовктун автоунаасы менен жүрүп, жасалма номер алып кеткенин көрсөткөн видеону жарыялаганын РИА Новости жазды.
11 мүнөткө созулган видеороликте Украинанын диверсиялык тобунун мүчөсү Цыганенконун 30-июлда Россияга украина паспорту менен Эстония аркылуу киргени көрүнүп турат. Андан соң ал Вовктун ДЭРдин номери жазылган Mini Cooper үлгүсүндөгү автоунаасы менен кеткен.
Коопсуздук кызматынын видеонун алдына жазган билдирүүсүндө гаражда ДЭР номери Казакстандын номерине алмаштырылганы айтылган.
Кийинчерээк 17-августта тартылган кадрлар көрсөтүлгөн. Анда Цыганенко экспресс-жеткирүү пунктунда автоунаанын жасалма номерин алган. Роликтин 10-мүнөтүндө Вовктун чек ара пункту аркылуу Рсссиядан чыгып кеткенин көрүүгө болот.
Буга чейин Россиянын Федералдык Коопсуздук кызматы Дугинанын өлүмүнө тиешеси бар деген дагы бир украиналык диверсант аныкталганын айткан. Мекеменин маалыматына караганда, Вовк менен кошо терактыны Цыганенко да даярдап жаткан.
Белгилүү болгондой, Вовкко жасалма автоунаа номерин жана Казакстандын жараны Юлия Зайконун атындагы документти Цыганенко алып берген. Ошондой эле ал Вовк менен бирге Москванын түштүк-батышындагы ижарага берилген гаражда жардыруучу затты чогултканы белгилүү болду.
Эске салсак, журналист жана саясат таануучу Дарья Дугина 20-августта кечинде киши колдуу болуп каза тапкан, тагыраагы, ал кетип бара жаткан автоунаа жардырылган. Трагедия Подмосковьенин Одинцово районундагы Можайск шоссесинде болгон. ФСБнин маалыматына караганда, бул окуянын артында Украинанын атайын кызматы турат.
Акыркы мезгилде өзгөрүп кеткен. Дугинанын өлүмүнө шектүүнүн атасынын видеосу