УКМК Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөргөн кишиден 7 автоунаа тапты

Август айынын башында атайын кызмат облуста "Баткен күчү" лотереясы мыйзамсыз ойнотулганын кабарлаган. Белектерди уюштуруучулар даярдаган адамдар утуп, бирок аларды колуна алышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея ойнотуу фактысы боюнча тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
1 / 3

Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея ойнотуу фактысы боюнча тинтүү иштери жүргүзүлдү

2 / 3

Эске салсак, август айынын башында атайын кызмат облуста "Баткен күчү" лотереясы мыйзамсыз ойнотулганын кабарлаган

3 / 3

Белектерди уюштуруучулар даярдаган адамдар утуп, бирок аларды колуна алышкан эмес

Эске салсак, август айынын башында атайын кызмат облуста "Баткен күчү" лотереясы мыйзамсыз ойнотулганын кабарлаган. Белектерди уюштуруучулар даярдаган адамдар утуп, бирок аларды колуна алышкан эмес.
УКМКдан билдиришкендей аталган лотереяны Х.у.Н. аттуу жаран уюштурган. Анын иштеген жана жашаган жерин тинтүү иштери 24-25-август күндөрү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 800 миң сом, банк карталары, автоунааларды колдонууга ишеним каттар, байге катары ойнотулган жети унаа табылды.
Ар бир турда орточо байге фонду бештен сегиз миллион сомго чейин жетип, 2 800 билет ойнотулган. Белгилүү адамдар гана жеңүүчү деп табылып, бирок байгени уюштуруучулар өздөрүнө ыйгарып келгени айтылат.
Чаткалдан Lexus менен 1,5 кг. алтын алып чыгып баратышкан. УКМК кармаган видео