30-августка карата аба ырайы

30-avgustka-karata-aba-yrajy
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Шейшемби күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +20...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек шаарында күндүн табы +29...+31, Ош калаасында +31...+33, Чолпон-Атада +21...+23 градуска жетери болжолдонду.
Жалал-Абадда аба ырайы кандай болот? Бир жуманын божомолу