Ай сайын тонналаган таштанды иштеткен жаратман Амирбек Масиралиев менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Ишкерликтин бул түрүн качан кантип баштап калдыңыз эле?
— 2016-жылы Жалал-Абад шаарында таштандылардан желим бөтөлкө, баштыктарды чогултуп, аны кайра иштеткен чакан ишканаларга өткөрчүмүн. Эки жылдан кийин Бишкек жана Ош шаарында кабыл алуу пунктуларын ишке киргизгенбиз. Ошентип иштин көзүн таап алып, 2021-жылы таштандыдан кайра иштетүүгө болгон сырье чыгара баштадык. Былтыр Кыргызстандагы эл аралык донорлордун биринен каржылык колдоо таап, өз акчабызды кошуп жабдуу алып цехти ишке киргиздик. Азыр ал мүмкүнчүлүгүн толук колдонуп иштеген жок. Акырындык менен кемчиликтерди жоюп, өндүрүштүк көлөмдү жогорулатып жатабыз.
— Учурда ишканаңызда туруктуу канча адам иштеп жатат?
— Азыр цехте 15-17 адам айлык алат. Андан сырткары, ишкана, дүкөн, базарлардан желим бөтөлкө, полиэтилен баштык, макулатура чогултуп, өткөзүп иштегендер бар. Ошондуктан кыйыр түрдө алар биз иштеткен таштандыларды чогултуп берип, кошумча пайда көрүшөт. Биз алардан жыйнаганды таразага тартып, сатып алабыз.
— Чакан ишканаңыздар эмнелер кайра иштетилет? Көлөм тууралуу да айтка кетсеңиз.
— Цехте негизинен полиэтилен баштыктары иштетилет. Аны ар кандай көлөмдө элден сатып алабыз, алгач ылгап майдаланат, андан соң сууга жууп-тазалап, эритип, гранулага айландырабыз. Республиканын ичиндеги эле ишканалар кайра иштетүүгө алат. Эгер көлөм боюнча айтсам, жайкысын бир айда 18-20 тоннага чейин жетүүдө, кышкысын кичине азайып калды. Ал эми жыйналган желим бөтөлкө, макулатураны башка фирмаларга өткөрүп беребиз.
Ишкер Амирбек Масиралиев: Цехте полиэтилен баштыктары иштетилет. Аны элден сатып алабыз, алгач ылгап майдаланат, андан соң жууп-тазалап, эритип, гранулага айландырабыз
© Фото / из личного архива Амирбека Масиралиева
— Бул тармакта иштеп жатканыңызга беш жылдан ашып калыптыр, эл арыла албай жаткан таштандыны кайра иштетип эмнелерди алсак болот?
— Таштандыдан чогултулган желим бөтөлкө, полиэтилен баштыктарды майдалап эриткен соң түрдүү формаларды чыгара алган экструдерге (орнотмо — ред.) салып көп нерсе чыгарса болот. Мисалы, полиэтилен баштык, түтүктөрдү, ашканада колдонулган желим идиштерди, күнүмдүк жашоодо пайдаланчу канистр, целлофандардын түрүн сатыкка даярдаса болот. Азыр грануланган желимдер, полиэтилендер Казакстан, Россиядан жүк ташуучу унаалар менен тонналап алып келинип, Кыргызстанда кайра иштетип продукция саткандар да аз эмес.
— Таштандыдан киреше таап, жумуш орундарын камсыз кылгандан сырткары экологияга кичине болсо да пайда тийгизип жаткан экенсиздер да.
— Ооба. Бирок таштанды менен иштеп укмуш акча таба албайсың. Ишкерликтин бул түрү кирешеси азыраак, көбүнчө социалдык долбоорлорго жакыныраак болот. Кыргызстанга чет мамлекеттерден желим бөтөлкө, полиэтилен баштыктар абдан көп көлөмдө келет. Биздеги ишканалардын алардын белгилүү бир бөлүгүн эле иштетип үлгүрүп жатышат. Ошондой эле биз кайра иштете албаган да толтура продукция келет. Калгандары ар кайсы жерде калып айлана-чөйрөгө, экологияга терс таасирин тийгизүүдө.
Ишкер Масиралиев: Бирок таштанды менен иштеп укмуш акча таба албайсың. Ишкерликтин бул түрү кирешеси азыраак, көбүнчө социалдык долбоорлорго жакын болот
© Фото / Амирбек Масиралиев
— Ишкерлигиңизди өнүктүрүү, кеңейтүү үчүн дагы кандай пландарыңыз бар?
— Азыр таштандыларды чогултуп сырье эле чыгарып жатабыз. Буюрса даяр продукция чыгарып керектөөчүлөргө сунуштайбыз, жолу караштырылып жатат. Биздин сырьедон Кыргызстанда рентабелдүү делген полиэтилен баштык, түтүк, целлофандарды чыгарса болот. Учурда базарды анализдеп үчөөнүн кайсынысына ыктасак деп ойлонуп жатабыз. Анткени анын баары Иран, Кытай, Россия, Беларустан ташып келинүүдө.
— Элдин таштанды топтоо, таштоо маданияты тууралуу сурасак, ушул чөйрөдө иштеп, көрүп-билип жүрөсүз да.
— Таштанды менен иштөөнүн эң оор жагы — ылгап алуу. 80-90 пайызы колго иргелет, көпчүлүк өз колу менен кармап жасагысы келбейт. Анткени анда ар түрдүү жыт, заттар болот. Ишке алынгандар көпкө чыдабайт, тез эле кетип калат. Биздин эл да бүт баарын аралаштырып таштандыга ыргытат. Үйдөн чыккан таштанды, калдыктарды бөлүп чогултуу, бөлүп төгүү маданияты өтө төмөн, аң-сезимибизге жете элек. Ошону жогорулатуу керек. Мисалы, саналуу эле үй-бүлө үйдөгү, дүкөндөгү, ишканадагы таштандыларын өз-өзүнчө бөлүп келип, бизге өткөзүп акчасын алып кетишет. Анткени шаарда миңдеген урна орнотуп койсоң да таштанды маселеси чечилбейт. Өзүбүз таштандыны ар кайсы жерге ыргытып айлана-чөйрөбүздү булгайбыз.