Кытай америкалык крейсерлерден улам аскерлерин согуштук абалга өткөрдү

Кытайлык аскерлер крейсерлерди көзөмөлдөп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Америкалык крейсер Тайвань булуңуна киргенден кийин Кытай Куралдуу күчтөрүн жогорку даярдыктагы согуштук абалга келтирди. Бул туурасында Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын Чыгыш зонасындагы согуштук командачылыгынын расмий өкүлү Ши И билдиргенин РИА Новости жазды.
"Чыгыш зонадагы согуштук командачылык америкалык крейсерди коштоп жүрүп, алардын ишмердүүлүгүнө толук көзөмөл жүргүздү. Аскердик бөлүктөр ар кандай чагымдарды өз убагында басуу үчүн жогорку даярдыктагы согуштук абалда турат", — деп жазылган WeChat социалдык тармагына жарыялаган билдирүүсүндө.
Буга чейин Рейтер агенттиги үч америкалык аткаминерге шилтеме кылып АКШнын Chancellorsville жана Antietam деген эки крейсери Тайвань кысыгы аркылуу өтүп кеткенин жазган. Бул АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайбэйге жасаган сапарынан кийин ушундай жолго түшкөнү белгиленди.
Тайвань аралын өзүнүн провинциясы катары санаган Кытай АКШ тайвандык сепаратизмди колдоп жаткан кадамдарын көрүп сынга алды, аны менен катар масштабдуу түрдө аскердик машыгууларды баштады.
Эске салсак, Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуй баштаган. Саясатчы Кытайдын мындай кадамдан баш тартууну өтүнгөнүнө карабай Тайбэйге 2-августта келген.
Андан кийин Кытай бийлиги АКШ менен кээ бир тармактарда кызматташууну убактылуу токтотууну чечти.
Кытай: АКШ Тайванда туруктуулук болушун каалабай жатканын көрсөтүүдө