Ок, дары-дармек, жүк ташуучу унаа... Кыргызстанда дагы эмнелер өндүрүлгөн?

СССР учурунда өлкөдө бут кийим, дары-дармектен баштап жүк ташуучу автоунаага чейин чыгарылып экспорттолгон. Sputnik Кыргызстан ошол кездеги ата мекендик өндүрүштүн күч-кубатын көрсөткөн ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Улуу Ата Мекендик согуш маалында Кыргыз ССРинин аймагына бир топ завод, фабрикалар көчүрүлүп келген. Ишканалар кездеме, арак-шарап, кийим-кече, бут кийим, дары-дармек, лампа, кур жуучу машина, балдар оюнчуктары, жарык менен коштолчу музыкалык аспап, тамга терүүчү машиналар, мылтыктын окторун чыгарган.
Ошондой эле Ленин атындагы станок чыгаруучу завод пресс, станок, комбайн чынжырларын даярдаса, Фрунзе заводу чабылган чөптү жыйноочу машина, автосамосвал, электр кыймылдаткычтарды, радиаторлорду чогулткан. Советтик Кыргызстандын аймагынан чыккан продукциялар Германия, Финляндия, Куба, Түркия, Болгария, Монголия, Венгрия, Индия, Алжирге чейин экспорттолгон.
Андан сырткары, кыш, цемент, бетон конструкцияларын, шифер, черепица өңдүү курулуш материалдарын кеңири өндүргөн.
1 / 16

Фрунзедеги "Тяжэлектромаш" ишканасынан чыккан трансформаторлорду чогултуу учуру, 1986-жыл

2 / 16

Кыргыз ССРинин борборунда ар түрдүү кездемелер чыгарылган, 1975-жыл

3 / 16

Айыл чарба техникасын чыгарган Фрунзе заводунун негизги конвейери. Жумушчулар чабылган чөптү жыйноочу машинаны чогултууда. 1987-жыл

4 / 16

Токмок шаарындагы айнек заводунун продукциясы. Ал кезде республиканын бир катар шаарларында айнек буюмдар чыгарылган. 1984-жыл

5 / 16

Фрунзе автоунаа чогултуучу заводунун даяр продукциялары. Аталган ишкана унаага керектүү тетик, жабдууларды да саткан. 1972-жыл

6 / 16

Лампа чыгарган Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу заводу. 1986-жыл

7 / 16

Фрунзе өндүрүштүк-трикотаж бирикмеси кийим-кече, жип-шуунун ондогон түрүн даярдаган. 1985-жыл

8 / 16

Чүй облусундагы Кайыңды кабель заводу электр жабдуу, чубалгылардын түрү менен камсыздаган. 1982-жыл

9 / 16

Фрунзедеги Шампан-шарап комбинаты убагында шараптын 30, шампандын 6 түрүн жана шире, коньяк даярдачу. 1959-жыл

10 / 16

Фрунзе заводунун чабылган чөптү жыйноочу машиналары. Алар башка советтик республикаларга да сатылган. Сүрөт 1987-жылы тартылган.

11 / 16

Борбор калаадагы айнек заводдо күнүмдүк буюм-тайымдар, идиш-аяктар да даярдалган. 1971-жыл

12 / 16

Республикадагы өндүрүштүк ишканалар илим-изилдөө борборлору, окумуштуулар менен тыгыз иштешкен. Мисалы, техника илимдеринин кандидаты, инженер Жолочу Асанкулов катуу жер кыртышын казып, темир жана бетон орнотмолорун бузган унааны жасаган. Ал кийин аз санда чыгарылып жер титирөөдө кыйраган үйлөрдү иретке келтирүү үчүн колдонулган.

13 / 16

Кыргыз ССРинде чыккан атактуу "Киргизия" кир жуучу машиналары. Республикада андан жыл сайын 140 миң даана машина чыгарылчу.

14 / 16

Айдаркен шаарындагы сымап комбинаты. Ишкана азыр да суюк затты башка мамлекеттерге сатат.

15 / 16

Борбор калаадагы текстиль ишканаларынын биринин продукциялары, 1969-жыл

16 / 16

Кадамжай сурьма комбинатынан чыккан сурьма. Даяр продукциялар негизинен экспортко жөнөтүлчү.

Тема боюнча:
Замбирек атылып, альпинисттер тартылган. Өлкөдөгү ГЭСтердин курулушу сүрөттө
Ак кар, көк муз баскан Ала-Тоодогу чет элдик альпинисттер. Архивдик ирмемдер