Жүзүмдү кимдер абайлап жеши керек. Диетологдун кеңеши

Айрымдарга жүзүмдүн өзүнөн дагы ширеси менен мейизи зыян экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Жүзүмдө фруктоза менен глюкоза көп өлчөмдө болгондуктан айрымдар жемишти абайлап жеши керек. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог-нутрициолог Екатерина Матыскина айтып берди.
Жүзүмдө витамин, минерал, антиоксиданттар жана башка пайдалуу заттар бар. Ошол эле маалда анда клетчатка аз жана кант көп өлчөмдө кездешет.
"Жүзүмдүн тышы эле клетчатка, ичинин бардыгы кант. Жүзүм жогорку гликемиялык индекске ээ, аны жегенде кандагы канттын деңгээли тез көтөрүлөт", — деген адис.
Ал кант диабети менен жабыркагандар жана инсулини жогорулар жүзүмдү өтө аз өлчөмдө жеши керектигин эскертти.
"Бул жемиштин ширеси андан бетер зыян. Жүзүм сыртынан ажыраганда канттан башка эч нерсени албайбыз", — деди Матыскина.
Жүзүм калориялуу азык, аны арыктагысы келгендер аз жеши керек. Адам үчүн бир күндүк норма 400 грамм (андан ашпашы керек) деп эсептелет.
Диетолог мейиз жүзүмдөн да калориялуу экенин, себеби кургатылганда суунун бардыгы кете турганын, муну жегенде ашыкча салмак менен жабыркагандар этиятташы керектигин эскертти.
Дарыгер кош бойлуулукту жеңилдетчү мөмөнү атады