Москва: кафеде эки кыргызстандык ок жеп, бири көз жумду

Жаракат алган дагы бир кыргызстандык ооруканага жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Москвада кыргызстандык эки жаран ок жеп, бири көз жумду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 26-августтун түнүндө Зеленоград административдик аймагындагы кафелердин биринде болгон. Анда бир нече киши уруша кетип, шектүү ок чыгаргандан кийин из жашырган.
"Жаракат алган кыргызстандык 33 жаштагы Х.Х.И. окуя болгон жерден көз жумган. Дагы бир кыргызстандык жаракат алып, ооруканага жеткирилген", — деп жазылган маалыматта.
Кылмышка шектелип Россиянын 38 жаштагы жараны кармалып, иш козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатканы, бул кырсык Кыргызстандын элчилигинин көзөмөлүндө экени айтылды. Элчиликтен мекеменин юристтери көз жумган кишинин жакындары менен байланышта деп кошумчалашты.
Москвада "смотрящий" атка конгон кыргызстандык кармалды