КР рэпери бейөкмөт уюмдар балдарга Россияга каршы пропаганда жүргүзөрүн айтты

Музыканттын Донбасста гуманитардык миссия менен жүргөнү маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Батыштын бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдары Кыргызстанда балдар арасында Россияга каршы үгүт иштерин жүргүзүп келет. Бул тууралуу РИА Новостиге кыргызстандык рэпер Медер Кадыров (L'zeep) айтып берди.
Музыкант Донецкиге гуманитардык миссия менен барган.
"Акыркы 20 жылда түшүнүктүү болду, аларга (Батыш өлкөлөрүнө — ред.) тынчтык жана туруктуулук кереги жок, бул жакта калааларды же башка нерселерди өнүктүрбөйт. Алар бардык жерде согуш ачууда, анткени жаңжалдан акча табышат. Эмнеге эл буга маани бербейт? Батыш жүз жылдан бери дүйнө жүзүндө согуштарды чыгарып келет, анын ичинде Россиянын айланасында... Менин өлкөм Кыргызстанда дагы бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ушундай иштер менен алек. Алар окуу китептери аркылуу бардык каргашага Россия күнөөлүү дегендей тарбияны бергиси келет", — деген L'zeep.
Медер Кадыров музыкалык карьерасын 2000-жылы баштап, рэп жанрын түптөөчүлөрдүн башында турган. Аны ырларын коңшу өлкөдөгүлөр да угат. Буга чейин ырчынын Донецкиде гуманитардык миссиясын аткарып жүргөнү айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин улутчулдугу тууралуу ачыкка чыкпаган документтер жарыяланды