Баткенде жамгыр жаайбы? Келерки аптага карата божомол

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Келерки аптада Баткенде күн жылуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, аталган дубанда 28-29-августта өткүн өтүшү ыктымал. 30-августтан тарта күн ачылып, 3-сентябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 30…32 градуска чейин ысык болору айтылды.
Күн сууктайбы? Сентябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы