Креативдүү индустриялар паркында салыктар кандай болот. Министрликтин сунушу

Буга чейин президент тиешелүү мыйзамга кол койгон. Анын максаты — креативдүү иш менен алектенген бизнесмендердин иши үчүн укуктук негиздерди түзүү.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн бирдиктүү салыкты 0,5 пайыз өлчөмүндө белгилеп, кийин 2 пайызга чейин жогорулатуу сунушталууда.
Экономика жана соода министрлиги салык тармагына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
8-августта мамлекет башчы Садыр Жапаров "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" мыйзамга кол койгону белгиленет. Анын максаты — креативдүү иш менен алектенген бизнесмендердин иши үчүн укуктук негиздерди түзүү.
Буга байланыштуу креативдүү экономика чөйрөсүндө ишкердик субъектилерге шарт түзүү жана Креативдүү индустриялар паркына инвестиция тартууну көбөйтүү максатында мыйзам долбоорунда резиденттер үчүн бирдиктүү салыкты төмөндөгүдөй өлчөмдө белгилөө сунушталууда:
2023-2024 жылдары — 0,5 пайыз;
2025-2026 жылдары — 1 пайыз;
2027-жылдан тарта — 2 пайыз.
"Салык чек" лотереясынын 2-туру качан ойнотулары айтылды