Чолпон-Ата: премьерлер жолугар алдында резиденцияга мышык кирип кетти. Видео

Журналисттер жылмайткан бул окуя Михаил Мишустин менен Никол Пашиняндын эки тараптуу жолугушуусунун алдында болгонун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденциянын имаратына Россия менен Армениянын премьер-министрлеринин жолугушуусу алдында мышыктын баласы кирип кетип, ал жердегилердин көңүлүн буруп, кызыгуусун жараткан.
Окуянын күбөлөрү кызыл килемде чуркап бараткан мыймыйды видеого тартып алышкан.
Протоколдун кызматкерлери мышыкты "кайда барасың?" деп тамашалап, артынан телефонго тартканын көрүүгө болот.
Журналисттер жылмайткан бул окуя Михаил Мишустин менен Никол Пашиняндын эки тараптуу жолугушуусунун алдында болгонун айтышты.
25-26-августта Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу өттү. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушуулар да болду.
Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кандай өттү? Видео