БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Өткөн суткада доллар бир аз көтөрүлүп, дизель майынын кымбаттаганы байкалды.
Кечээки күнгө салыштырмалуу доллардын орточо баасы 18 тыйынга көтөрүлгөн. Европа акчасы мурдагы баасында эле калды, болгону бир тыйынга кымбаттады. Теңге менен рубль да өтө жогорулаган жок.
"Роснефть" май куюучу бекеттеринде дизель 1,5 сомго кымбаттаса, бензиндин баасы мурдагысындай эле турат.
Ал эми алтын куймаларын дем алыш күндөрү Улуттук банк сатпайт.