Зеленский украиналыктарды болуп көрбөгөндөй оор кыш күтөрүн эскертти

Президент газга байланышкан кырдаалды өтө кооптуу деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Газ кымбаттап жаткандыктан Украинада кыш оор болот. Бул тууралуу Владимир Зеленский элине кайрылуу жасап жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Европада газдын 1 000 кубометри 3 300 доллардан ашканын эскертип, Киев кышка даярдык көрүү үчүн бардык аракетин көрүп жатканын кошумчалаган.
"Бул кыш өлкө тарыхында чынында эң оор мезгил болот", — деген Зеленский.
Саясатчы газга байланышкан кырдаалды өтө кооптуу деп атады.
Кыш оор болорун жана ал элди, бийликти түмөн түйшүккө саларын буга чейин украиналык башка аткаминерлер да айтып чыгышкан. Киевдин мэри Виталий Кличко суук түшкөндө электр жарыгы маал-маалы менен өчөрүн, мындай кырдаалда бийлик мазуттун кору менен абалдан чыгууну пландап жатканын айткан. Ал үйдөгү температура мурдагыдан төмөн болорун эскертип, жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк даярдап коюуну да сунуштаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батышты бул кышта энергетикалык апаат күтүп турат