Бишкекте подполковник пара алып жаткан жеринен кармалды

Атайын кызмат подполковник жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштурганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды
Билдирмеге караганда, Ч.А. аттуу подполковник жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылды.
Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүүдө.
Баткенде жихадчылардын үч мүчөсү кармалды. УКМК видеосун жарыялады