Кытай: АКШ Тайванда туруктуулук болушун каалабай жатканын көрсөтүүдө

Элчилик АКШнын мындай аракеттери Кытайдын ишине кийлигишүү деп сыпатталганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Америкалык сенатор Марша Блэкберндин Тайванга болгон сапары Вашингтондун аймактагы кырдаалды туруксуздаштырууга болгон аракетин көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Кытай элчилиги айтканын РИА Новости маалымдады.
"АКШ Тайванда туруктуулук орношун каалабай жатканын көрсөтүүдө", — деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Америкалык сенатор Блэкберн Тайбэйге иш сапары менен үч күнгө барган. Бул АКШ делегациясынын бир ай ичинде Тайванга болгон төртүнчү сапары. Эске салсак, Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуй баштаган. Пекин Вашингтонду өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүнү токтотуп, "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга чакырган.
Кытай Тайванды өз провинциясы деп эсептеп, дипломатиялык алакасы бар мамлекеттердин Тайбэй менен кандайдыр бир алака түзүүсүнө каршы. Америкалык чиновниктин сапарына жооп кылып Пекин 4-августта ок атуу менен коштолуп, аскер техникасы тартылган масштабуу машыгуусун өткөргөн.
Кытай Путиндин Пелосинин сапары боюнча позициясын жогору баалады