Ичимдикке көз карандылык тукум кууйбу? Наркологдун жообу

Адис тарбия үйдөн баштала турганын айтып, балдардын ичимдикке кызыгып кетпеши үчүн ата-энелерди жаман адаттардан алыс болууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Республикалык психиатрия жана наркология борборунун наркологу Венера Асанбекова ичимдиктин биологиялык фактору тууралуу түшүндүрмө берди.
"Түйүлдүк жатында жатканда атасынан ген аркылуу, ал эми энесинен кан аркылуу сыпаттары берилет экен. Бирок бул атасы ичсе баласы да ичкич болуп төрөлөт деген сөз эмес. Ичимдикке көз карандылык тукум куубайт. Болгону кийин бала спирт ичимдиктерин ичип баштаса алкоголизм оорусун жеңе албай калышы мүмкүн", — деген медик.
Адис тарбия үйдөн баштала турганын айтып, балдардын ичимдикке кызыгып кетпеши үчүн ата-энелерди алкоголдон алыс болууга чакырды.
Наркологдун маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Пиво эркектер менен аялдарга эки башка таасир этери маалым болду