Чолпон-Атага чогулган ЕАЭБдин өкмөт башчылары. Отурумдан сүрөт түрмөк

Ысык-Көлдө Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага ЕАЭБдин мүчөлөрү Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россиянын премьер-министрлери катышты. Ал эми Азербайжан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары байкоочу болду.
Sputnik
Отурум Чолпон-Ата шаарындагы резиденцияда 25-26-август күндөрү тар жана кеңири форматта өттү. Ага Кыргызстан төрагалык кылды.
1 / 11

Көл жээгине алты өлкөнүн премьер-министрлери чогулуп, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрдү

2 / 11

Кезектеги отурумдун жыйынтыгында тогуз документке кол коюлду

3 / 11

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБде биринчи кезекте электрондук, өндүрүш жана фармацевтика тармактарын каржылоо пландалып жатканын билдирди

4 / 11

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров товар ташуудагы барьерлерди жоюу маселесин кайрадан көтөрдү. Аны менен катар мигранттардын шартын жеңилдетүү жолдорун сунуштады.

5 / 11

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин ЕАЭБ Азия-Тынч океан аймагы, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы, Африка-Кытай, Египет, Индия, Иран мамлекеттери жана ШКУ, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтиши керек деп эсептейт

6 / 11

Отурумга Кубанын Россиядагы элчиси Хулио Антонио Гармендия Пенья дагы катышты

7 / 11

Жыйынга Акылбек Жапаров төрагалык кылды

8 / 11

Евразия экономикалык биримдиги жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрү дүйнөнүн азыркы ыргагында уникалдуу позициясын көрсөтө алганы белгиленди

9 / 11

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны 20-21-октябрда Арменияда өтөт

10 / 11

Уюмга мүчө беш мамлекеттин өкмөт башчылары аягында тиешелүү макулдашууларга кол коюшту

11 / 11

Иш-чара 25-26-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы резиденцияда өттү