Бишкек — Балыкчы темир жол каттамы 1-сентябрда токтойт

Жүргүнчүлөр Ысык-Көлгө поезд менен кайрадан 2023-жылдын жай мезгилинен тарта бара алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поездинин каттамы 1-сентябрда токтоорун "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.

"Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тагыраагы, каттам июнь айынан 31-августка чейин иштейт", — деп айтылган маалыматта.

Компаниядан жүргүнчүлөр Ысык-Көлгө поезд менен кайрадан 2023-жылдын жай мезгилинен тарта бара алышарын билдирди.
Жаңы жасалган вагон менен Балыкчыга каттаган жүргүнчүлөр. Видео