Жапаров ЕАЭБ жыйынында мигранттардын шартын жеңилдетүү жолдорун сунуштады

Өкмөт башчы улуттук мыйзамдар уюмдун келишимдерине каршы келбегендей болушу керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында мигранттардын шарттарын жеңилдетүү маселесин көтөрдү.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасында эмгек ресурсу маанилүү ролду ойнойт. Биримдиктин ичинде иштеп жүргөн жарандарга максималдуу түрдө жакшы шарттарды түзүп, каттоого туруу процедурасын жөнөкөйлөтүү зарыл.
"Биздин жарандар жумушка орношуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бирок бир катар жеңилдиктерге карабай ишке ашырыла элек мүмкүнчүлүктөр дагы деле бар. Бюрократияны жана кагаз толтуруу түйшүгүн азайтуу максатында эмгектенип жүргөндөрдү каттоодон өткөрүүдө санарип технологияларды киргизүү талап кылынууда. Ошондой эле биримдиктеги келишимдин жоболорунун алкагында медициналык тейлөөгө жана камсыздандырууга толук кандуу жол ачуу зарыл", — деди Жапаров.
Ал эмгек рыногунан бардык жеңилдиктерди жана пайда алуу үчүн ЕАЭБ тарабынан уюмга мүчө-мамлекеттердин жарандарына мыйзамдуу жашап-иштешине керектүү шарттардын түзүлүшү керектигин белгиледи.
"Ошол эле учурда эмгек миграциясы тармагындагы улуттук актыларда Биримдик жөнүнүндөгү келишимдин бардык жоболору эске алынышы керек. Аны менен катар биримдиктин эмгек миграциясы тармагындагы максаттарына жетишине коркунуч туудурбашы абзел", — деди өкмөт башчы.
Мындан сырткары, Жапаров 27-28-сентябрда Бишкекте "Бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча Евразия диалогу" аталышында форум өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады. Өкмөт башчы ЕАЭБге мүчө-өлкөлөр ага активдүү катышып, жогоруда белгиленген маселелер талкууланарына ишеним артты.
Жазага тарталы. Жапаров ЕАЭБдеги тоскоолдуктар тууралуу маселе көтөрдү