Президент Жапаров ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды. Сүрөт

Жапаров Кыргызстандын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири — биримдиктин өлкөлөрүнүн аймагына барган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү экенине көңүл бурган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы, президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Евразия өкмөт аралык кеңештин (ЕӨАК) отурумуна келген ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 7

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

2 / 7

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян

3 / 7

Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко

4 / 7

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов

5 / 7

Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин

6 / 7

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов

7 / 7

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович

Жолугушууга Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле ардактуу мейман катары Азербайжандын премьер-министри Али Асадов катышты. Мындан тышкары, жолугушууга Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович келген.
Мамлекет башчысы 2022-жыл Евразиялык экономикалык комиссиянын иш алып барганына 10 жыл болгондугу менен маанилүү экенин белгиледи.

"Биз өткөн жылдардагы биргелешкен ишибиздин жыйынтыгын чыгарып, келечектүү милдеттер жана максаттарды аныктай турган баскычында турабыз. Биздин биримдик абройлуу жана майнаптуу интеграциялык түзүмгө айланды, дүйнөнүн ар кайсы региондорунан көптөгөн өлкөлөр кызматташууга кызыкдар болуп жатышат. Сиздердин ЕАЭБ жана КМШ жаштар форумуна жеке катышууңуздарды кубануу менен белгилейм. Бул эл аралык аянтча туруктуу болуп, жыл сайын өткөрүлөт деп ишенем",— деп белгилеген Жапаров.

Заседание Евразийского межправительственного совета в Чолпон-Ате
Президент отурумдун алкагында евразиялык интеграциянын абдан актуалдуу жана маанилүү маселелери карала турганын белгиледи.
Эл аралык мамилелердин азыркы кризистик шарттарында ЕАЭБ алкагында бул өлкөлөрдүн өз ара иштешүүсү өзгөчө мааниге ээ экендигине токтолгон.
" Интеграциялык багытка ээ болгон инфраструктуралык долбоорлорду каржылоонун натыйжалуу жана таасирдүү механизмдерин иштеп чыгуу талап кылынат. Биз үчүн интеграциялык процесстерге жолтоо болгон тоскоолдуктарды, алууларды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча мындан ары дагы жигердүү жана туруктуу иштөө маанилүү. Бул контекстте ЕАЭБ алкагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири – товарлардын эркин жүрүүсүнө көңүл бурбай коюуга болбойт. Жасалган кадамдарга карабастан, барьерлер биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода байланыштардын кеңейишине тоскоол болуусун улантууда", — деп кошумчалаган Жапаров.
Мамлекет башчысы эл аралык эмгек миграция чөйрөсү биримдиктин өлкөлөрүндө өтө актуалдуу көйгөй болуп саналарына, ошондуктан Кыргызстандын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири – биримдиктин өлкөлөрүнүн аймагына барган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү экенине көңүл бурган.
Жапаров бул багыттагы, анын ичинде жумушчуларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздоо маселелерин чечүү жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерде алар үчүн миграциялык талаптарды жөнөкөйлөтүү боюнча ишти улантуу маанилүү экендигине токтолгон.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы инвестициялык жана кооперациялык кызматташтыкты бекемдөө, биргелешкен транспорт коридорлорун өнүктүрүү, үчүнчү өлкөлөр жана регионалдык бирикмелер менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо зарылдыгын айткан.
Жапаров планетадагы климаттын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жылдан-жылга көбөйүп жаткан терс кесепеттерди өзгөчө белгилеп, бул бардыгынан жашыл экономикага чечкиндүү өтүүнү талап кыларын билдирген. ЕАЭБ өлкөлөрүндө бул тармак артыкчылыктуу багыттардын бири катары караларын айткан. Өлкөлөр климаттык күн тартибин каныктыруу, жашыл технологияларды киргизүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүп жатканын эске салган.
Жапаров биримдикке мүчө-мамлекеттердин экономикасын тездетип өнүктүрүү үчүн жагымдуу макроэкономикалык шарттарды түзүүгө умтулушу керектигин белгилеген. "Биздин өлкөлөрүбүздүн калкынын социалдык жана материалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу кызыкчылыгында интеграциялык мүмкүнчүлүктөрдү жана инструменттерди натыйжалуу пайдалануу, анын ичинде барьерлерди акырындык менен жоюу, алуу жана чектөөлөрдү кыскартуу, ошондой эле ишкердик активдүүлүктүн өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү өз ара сооданын өсүшүнө алып келет деп ишенем. Кыргызстан евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана биримдиктин максаттарына жетүү боюнча интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоо ниетинде", — деп сөзүн жыйынтыктаган Жапаров.
Жолугушуунун катышуучулары евразиялык интеграцияны мындан ары тереңдетүү, тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуу, биримдикке мүчө-өлкөлөрдө санариптештирүүнү илгерилетүү, өнөр жай кооперациясын арттыруу жана башка маселелер боюнча пикир алышкан.
Чолпон-Атада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны башталды. Видео