"Салык чек" лотереясынын 2-туру качан ойнотулары айтылды

Экинчи турга бир автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 11 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер коюлат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын экинчи туру 1-октябрда өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Эске салсак, лотереянын биринчи туру 1-июлда болгон.
"Учурда 110 миңден ашык кыргызстандык Салык кызматынын лотереясына катышууда. Ушу тапта алар 7,8 миллиард сомдон ашык суммадагы кассалык чектерди сканерден өткөрүп, 7,7 миллиондон көп лотереялык ID-билеттерди алышты", — деп жазылат маалыматта.
Экинчи турда бир автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 11 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотула турганы кошумчаланды. Ал эми үчүнчү, жыйынтыктоочу тур 31-декабрда болуп, анда бир бөлмөлүү батир да ойнотулат.
Лотереяга катышуу үчүн жарандар "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүп, товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чекти (ККМ) талап кылышы керек. Андан кийин чектин QR-кодун сканерлеп чогулта берет.
"Салык чек" лотереясы көп салык чогултууга жардам бердиби? Бийликтин жообу