Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Германия ТИМ башчысы: курал-жарак Киев тургай өзүбүзгө жетпей жатат

Дипломат Украинага курал-жарак жеткирүү кыл учунда экенин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бундесверде (Германиянын Куралдуу күчтөрү) курал-жарак кору жетишсиз болууда. Бул тууралуу ZDF телеканалына аталган мамлекеттин ТИМ башчысы Анналена Бербок билдиргенин РИА Новости жазды.
Дипломат ошол себептен Германиядан Украинага курал-жарак этияттык менен жеткирилип жатканын белгилеген.
"Тилекке каршы, кырдаал ушундай. Курал-жарак кору өзүбүздө жетишсиз. Бул көйгөйдөн улам аскердик өнөр жай атайын Украина үчүн өндүрүш баштоого аргасыз болду" — деген дипломат.
Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясынан улам Батыш мамлекеттери Украинага курал-жарак жеткирүүнү улантууда. Москва мындай иш-аракеттер чыр-чатакты токтотпой, тескерисинче, созо турганын бир нече жолу айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Global Times: Батыш Украинаны согуш полигонуна айлантып, курал-жарагын сыноодо