ЕАЭБ менен КМШ жаштарына робот техникасы боюнча мастер-класс өткөрүлдү

Форумдун алкагында мастер-класс, тренингдик оюндар өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн биринчи Жаштар форумунун катышуучуларына "Учуучу робот техникалары" жана "Мобилдик робот техникалары" компетенциялары боюнча мастер-класстар өтүлдү. Аны Россиянын Кесиптер жана көндүмдөрдү өнүктүрүү агенттиги уюштурду.
1 / 3

ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн биринчи Жаштар форумунун катышуучуларына "Учуучу робот техникалары" жана "Мобилдик робот техникалары" компетенциялары боюнча мастер-класстар өтүлдү

2 / 3

Анда коноктор сырткы операторлордун башкаруусу жок автоматтык режимде дрондордун бийин көрө алышты

3 / 3

Аны менен катар шаардагы таштандыларды тазалоо жана ылгоо үчүн чыгарылган мобилдик роботтордун иштеши көрсөтүлдү.

Анда коноктор сырткы операторлордун башкаруусу жок автоматтык режимде дрондордун бийин көрө алышты. Аны менен катар шаардагы таштандыларды тазалоо жана ылгоо үчүн чыгарылган мобилдик роботтордун иштеши көрсөтүлдү.
Мындан сырткары, жаш ишкерлер үчүн акча-кредит саясатын түшүндүрүү максатында тренинг оюндары өттү.
Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн "Келечек" деп аталган биринчи Жаштар форуму өтүп жатат. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан 250дөн ашуун делегат катышууда. Жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, креативдүү жаштар жана студенттер кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана Евразия интеграциясын жайылтуу идеяларын талкуулашат.
Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны менен катарлаш өтүүдө. Биринчи Жаштар форуму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу форумдун расмий медиаөнөктөшү болду.
Жапаров: ЕАЭБ менен КМШнын ишкердик көпүрөсүн курууга потенциалы чоң