Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчилик: АКШ Азовдун кылмыштары ачыкка чыгып кетишинен коркот

Буга чейин Россия, ДЭР жана ЛЭР биргеликте Мариуполь шаарында согуш кылмышкерлерине карата эл аралык трибунал уюштурууну пландап жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. АКШ согуш кылмышкерлеринин соту алдында Украинанын улутчул Азов* бөлүгүнүн адамкерчиликсиз иш-аракеттерин көрсөткөн фактылардын ачыкталып кетишинен коркот. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчилигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Буга чейин Россия, ДЭР жана ЛЭР биргеликте Мариуполь шаарында согуш кылмышкерлерине карата эл аралык трибунал уюштурууну пландап жатканын билдирген. ДЭРдин башчысы Денис Пушилин аны кечеңдетпеш керектигин, трибуналга эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүн катыштыруу боюнча иштеп жатканын дагы кошумчалаган.
"Украинанын согуш кылмышкерлеринин үстүнөн сот иштерин өткөрүп жатканыбызга байланыштуу бизди айыптап жатышат. Алдыдагы сот процесси согуш кылмышкерлерине, алардын арасында Азов полкунун нацисттерине багытталган. Бул террордук уюмдун мүчөлөрүнүн адамгерчиликсиз аракеттери ачыкталып кетишинен Вашингтон чочулап турат", — дешти элчиликтен.
Ошондой эле дипломатиялык миссия Мариуполдогу трибунал "Киев режиминин чыныгы жүзүн ачып бере алат" деп ишенерин кошумчалады.
* Россияда тыюу салынган террордук уюм.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Global Times: Батыш Украинаны согуш полигонуна айлантып, курал-жарагын сыноодо