Аким, мэрлерге туулган жеринде иштешине уруксат берели. Депутаттын демилгеси

Өзү туулган аймакты башкарууга тыюу салган мыйзам былтыр кабыл алынган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына өзү туулган жерде иштешине кайра укук берүү сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев демилгелеп жатат.
Белгилей кетсек, былтыр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жаңы мыйзам демилгеленип, октябрда күчүнө кирген. Анда жарандар өзү туулган райондо аким, шаарда мэр, айыл өкмөттө башчы болууга тыюу салынган.
Эми депутат ошол чектөөлөрдү жокко чыгарууну сунуштап жатат. Ал Конституцияда кепилденген укуктар чектелип калганын белгилеген.
"Мыйзамдарда жарандын туулган жери боюнча аныктамадан башка так түшүнүгү жок. Бул ченем иш жүзүндө толук түрдө колдонулбайт. Анткени турмуштук шартка байланыштуу көптөгөн жарандар ар кандай калктуу конуштарда (район, шаар, айылдар) төрөлүп, бирок иш жүзүндө башка калктуу конуштарда жашашат. Ушуга байланыштуу бул норманын концепциясы өзүн актаган жок", — деп жазылган сунушталып жаткан долбоордун негиздемесинде.
Мындан тышкары, башка регионго көчүп барганда социалдык-материалдык жактан камсыз кылууда көйгөй жаралары айтылган.
Соттуулугу жоюлса да депутат, аткаминер боло албайт. Мыйзам долбоору талкууда