Лавров Ульяновскиде кайгылуу окуядан улам кыргызстандыктарга көңүл айтты

21-августта Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу автоунаа токтоп турган бустун артынан сүзүп, 16 адам мүрт кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаевге Ульяновск облусунда болгон кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтты. Каттын текстин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги жарыялады.
"Ульяновск облусундагы жол кырсыгында кыргыз жарандарынын каза болгонун терең кайгыруу менен кабыл алдык. Чын жүрөктөн көңүл айтып, жакындарын жоготуп кайгыга батып отурган жарандарга биздин колдоо сөзүбүздү жеткирип коюшуңузду өтүнөбүз", — деп айтылат телеграммада.
Белгилей кетсек, 21-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу автоунаа токтоп турган бустун артынан сүзүп, 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Дагы үч адам ооруканада жатат. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып, эки кат болуп калган.
23-август күнү мекендештердин сөөгү атайын учак менен Ош шаарына алып келинип, жерге берилди.
Ульяновскиде каза тапкан мекендештердин үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон берилет