Резиденциядагы 6 дачаны мамлекетке кайтаруу сунушталды. Алар кимге таандык

Эл өкүлү резиденциядагы турак жайлар үчүнчү адамдарга сатылып кетип жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарына мамлекеттик резиденциядан берилген дачаларды кайра кайтаруу керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Долбоордун негиздемесинде "Ала-Арча" резиденциясынын аймагындагы төрт дачаны Кыргыз ССРин башкарган Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиевге, улуттук коопсуздукту тескеген генерал Анарбек Бакаевге, жазуучу Чыңгыз Айтматовго өмүр бою пайдаланууга, кийин жеке менчикке берилгени жазылган.
Документке ылайык, учурда ал жерде Усубалиевдин баласы, Бакаевдин жубайы жашайт. Айтматовдун уулу дачанын бир бөлүгүн 2011-жылы белгилүү хирург Мамбет Мамакеевге сатып жиберген. Экөө тең ошол жакта жашап жатат. Масалиев каза болгондон кийин үй-бүлөсү дачаны мамлекетке кайтарып берген.
Ал эми Чолпон-Атадагы резиденцияда Турдакун Усубалиев менен Апсамат Масалиевдин жубайына таандык эки дача бар.
"Президенттин резиденциясындагы объектилерге ээлик кылгандардын айрымдары дачанын бир бөлүгүн үчүнчү жактарга сатып жиберген учур кездешти. Өзгөчө мааниге ээ объектинин аймагында жайгашкан мүлктү жеке жактарга сатууга жол бербеш керек. Ошондой резиденция жогорку кызмат адамдарынын убактылуу жашоосуна арналгандыгын эске алуу зарыл. Мындан улам Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларындагы резиденциялардын дачаларын жер тилкеси менен мамлекеттин менчигине кайтаруу сунушталууда", — деп жазылат долбоордо.
Экс-президент резиденциядан кетип, жан сакчыны өзү каржыласын. Мыйзам долбоору