Эртең Нарында ат оюндары боюнча президенттин кубогуна арналган мелдеш башталат

Ат оюндарынын жалпы байге фонду 1,5 миллион сомду түзөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Нарында 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата президенттин кубогуна арналган улуттук ат оюндары боюнча республикалык мелдеш өткөрүлөт. Бул туурасында президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш 25-августтан 31-августуна чейин Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагындагы Мамытов атындагы ат майданында уюштурулат.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы 25-августта саат 11:00дө болот. Ушул күнү эртең мененки саат 9:00дөн тарта көк бөрү оюндары башталат. Көк бөрүгө республиканын аймактарынан 19 команда катышары күтүлүүдө.
Ат оюндарынын жалпы байге фонду 1,5 миллион сомду түзөт. Анын ичинен көк бөрүгө президенттин фондунан 1 миллион сом, ат чабышка жана эр эңишке Дене тарбия жана спорт департаментинен 500 миң сом каралган.
Чуңкурчакта 20дан ашуун өлкөнүн жаачылары катышкан мелдеш өтөт