БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Баалуу металлдар жана асыл таштар боюнча жаңы мыйзам Кыргызстандагы зер буюмдардын акыркы наркына таасирин тийгизе алабы? Бул суроого "Агзам" ЖЧКсынын директору Заир Клычев жооп берди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Баалуу металлдар боюнча жаңы мыйзам Кыргызстанга эмне берет" деген аталыштагы брифингге катышты.
Журналист зергерчилик тармагынын өкүлдөрүнө кайрылып, жаңы мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу зер буюмдар арзандайбы деген суроо узатты.
"Албетте, көптөгөн маселелер дагы деле талкууланып жатат. Баалуу металлдар жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу үчүн бир катар мыйзам алдындагы актылар кабыл алынган. Бул бөлүктө товарды КР Баалуу металлдар мамлекеттик фонду өндүрүүчүлөргө сатат деп айтылган. Учурда алар бизге базар баасынан төмөн сатат деп үмүттөнүп жатабыз. Бул нерсе товардын акыркы наркына таасирин тийгизет", — деди Клычев.
Андан соң Мамлекеттик баалуу металлдар фонду кандай иштээрин Каржы министрлигинин Баалуу металлдар департаментинин директору Канатбек Мадумаров айтып берди.
"Баалуу металлдарды сатып алууга акча бюджеттен бөлүнөт. Андан тышкары, мыйзамсыз жүгүртүүдө жүрүп, конфискацияланган баалуу металлдар ушул фондго берилет. Буга чейин аталган фонддон өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды сата албай келгенбиз. Мындан ары сатуу, балким, биржалар аркылуу ишке ашат. Механизми дагы деле талкууланып жатат", — деп кошумчалады ал.
Эске салсак, август айында президент Садыр Жапаров "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Документтин максаты — баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүүнү, жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча бирдиктүү мыйзамдык базаны түзүү. Зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана бул чөйрөдөгү улуттук мыйзамдарды ЕАЭБ мыйзамдарына шайкеш келтирүү.