Замбирек атылып, альпинисттер тартылган. Өлкөдөгү ГЭСтердин курулушу сүрөттө

Союз маалында өлкөдө бир катар гидроэлектр станциялары курулуп, республика Борбор Азиядагы энергетика державасына айланган. Sputnik Кыргызстан агенттиги күжүрмөн элдин ошол кездеги эмгегин даңазалаган архивдик сүрөттөрдү сунуштайт.
Sputnik
Кыргыз ССРинин аймагында алгачкы гидроэлектр станциялары өткөн кылымдын 20-жылдары курулуп, электр энергиясын өндүрүп, согуш жылдарында Ворошилов ГЭСи пайдаланууга берилген. Кийин СССРде жай турмуш орногондо республикада ири гидроэнергетикалык долбоорлор ишке аша баштаган. Ал жылдары Токтогул, Ат-Башы, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2 гидроэлектр станциялары бүткөн. Курулуштарга миңдеген адам катышып, жүздөгөн техника тартылып, миллиондогон акча жумшалган. Ошол эмгектин аркасында Кыргызстан коңшу өлкөлөрдү сугат суу менен камсыздап, электр жарыгын экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ондогон жыл мурун жасалган мээнеттин үзүрүн кыргызстандыктар азыр да көрүүдө.
Өлкөнүн бүт аймагы кантип электрлештирилгенин Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.
1 / 16

Кыргызстанда курулган алгачкы гидроэлектр станцияларынын бири. Чүй облусундагы Ворошилов ГЭСинин (азыркы Лебединовка ГЭСи) курулушу 1942-жылы башталып, ага согуш жылдарында кыз-келиндер жана балдар катышкан.

2 / 16

Токтогул ГЭСинин курулушундагы алгачкы аракеттер. Ага аскердик замбиректер да колдонулган.

3 / 16

Өлкөдөгү эң ири Токтогул ГЭСин курууда альпинисттер да ишке тартылган. Жалал-Абад облусу, 1965-жыл.

4 / 16

Токтогул гидроэлектр станциясында СССРдин 22 ири заводунан алып келинген оор техника иштеген. Сүрөттө "Урал" заводунун ротордук экскаватору, 1974-жыл.

5 / 16

Өлкөдөгү ГЭСтерди кургандар бийик тоолуу аймакта оор шартта эмгектенген. Жумушчулар Нарын дарыясынын аркы өйүзүнө оор техниканы өзгөчө ыкма менен өткөрүүдө, 1965-жыл.

6 / 16

Ак кар, көк музда иштеген монтаждоочулар электр чубалгыларын тартууда, 1971-жыл

7 / 16

Токтогул ГЭСин салууда 70 кабаттуу үйдүн бийиктигиндей плотина курулган, 1974-жыл

8 / 16

КРдеги ГЭСтердин курулушунда күндө 2 500дөй адам иштеп, төрт мезгил эки сменде күнү-түнү эмгектенишкен

9 / 16

Нарын дарыясына курулган ГЭСтердин биринде тоннель салган куруучулар, 1965-жыл

10 / 16

Ири курулуштарга башка советтик республиканын адистери, жаштары келип кол кабыш кылган, 1974-жыл

11 / 16

Плотинанын курулушуна сменге келген эмгекчилер. Жалал-Абад облусу, 1974-жыл.

12 / 16

Геодезист Анипа Каипова уулу Руслан менен Токтогул ГЭСинин курулушунда, 1975-жыл

13 / 16

Күрп-Сай ГЭСинин куруучулары плотинанын тетиктерин оңдоодо, 1981-жыл

14 / 16

Гидрокуруучуларга Кара-Көл шаарында бардык шарттары менен атайын айыл курулган, 1978-жыл

15 / 16

Союз маалында Нарын дарыясын бойлото 20дай ГЭС куруу пландалып, анын жетөөсү гана салынган. Сүрөттө Күрп-Сай ГЭСиндеги иш, 1982-жыл.

16 / 16

Камбар-Ата ГЭСинин курулушунун алдында тоолорду жардыруу, 1986-жыл