Электр энергиясын кантип үнөмдөө керек. Жөнөкөй кеңештер

Адистер кыргызстандыктарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Чүй электр тармактар ишканасы (мурдагы "Түндүк электр" ААКы) электр энергиясын үнөмдөө жана коммуналдык чыгымдарды азайтуу боюнча кеңеш берди.
Алар:
бөлмөдөн же үйдөн чыкканда жарыкты өчүрүү;
телевизорду жана башка тиричилик техникасын керексиз учурда күйгүзбөш керек;
кубаттуулугу жогору бир нече электр жабдууларын бир учурда иштетпөөгө аракет кылгыла;
үй шартында жасалган, сертификаты жок шаймандарды колдонбогула;
А класстагы (электр энергиясын аз керектейт) тиричилик техникасын сатып алгыла;
энергияны үнөмдөөчү лампаларды пайдалангыла;
лампалардын чаңын сүртүп туруу керек, анткени чаң жарыктын 30 пайызын өзүнө сиңирип алат;
батареялардын артына жылуулук чагылдыргычтарды орнотуу зарыл;
эшик-терезелерди жылуулаш керек;
мүмкүн болсо электр энергиясынын альтернативдүү булактарын, башкача айтканда, күн батареяларын жана коллекторлорду колдонгула.
Эске салсак, 2021-жылы бийлик суунун аздыгынан улам энергетикалык кризис абалын жарыялаган. Быйыл энергетиктер чексиз тарифти бекитишти, бир киловатт-саатына 5,04 сом. Учурда үй чарбалар үчүн тариф 0,77 сом болсо, 700 киловатт-саат чектен ашса баа 2,16 сомго көтөрүлөт.
Казакстандык компания Кыргызстанда 1 млрд. долларга ГЭС курары пландалууда