Пресс-борбор

Баалуу металлдар департаментинин директору: Кыргызстанда алмаз кендери бар

Мадумаров мындай кендер оңой менен жетпеген райондордо жайгашканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстанда алмаз кендери бар. Бул тууралуу Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору Канатбек Мадумаров билдирди.
Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору Канатбек Мадумаров
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Баалуу металлдар боюнча жаңы мыйзам Кыргызстанга эмне берет" аттуу брифингде сүйлөгөн.
"80ден ашык мамлекет Кимберли процессинин сертификация схемасына мүчө. Кыргызстан ага былтыр гана кирди. Өлкөдө алмаздын кендери бар. Алар оңой менен жетпеген жерлерде жайгашкан, бирок чалгындоо иштери жүргөн. Бул схемага кирүү менен алмаз казып, аны кайра иштете алышыбыз мүмкүн. Жеткирүү жаатында көйгөй жок", — деди Мадумаров.
Кимберли процесси — дүйнөлүк рынокко мыйзамсыз казып алынган баалуу металлдардын киришине каршы турган эл аралык өкмөттөр ортосундагы демилге. Ал туруктуу кеңсеси бар эл аралык уюм болуп эсептелбейт.
Алтын экспорту 19,2 тоннага көбөйгөн, бирок ким алганы белгисиз. Статком сандары