Еврокомиссия: 500 жылдан бери Европада азыркыдай кургакчылык болгон эмес

Климат боюнча Copernicus кызматынын маалыматына ылайык, соңку жети жыл Жер жүзүндө абдан ысык болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Болжолдуу баалоо боюнча, Европадагы азыркы кургакчылык 500 жыл ичиндеги эң күчтүүсү болуп саналат. Бул тууралуу РИА Новости Еврокомиссиянын маалымат кызматынын өкүлүнүн айтымына таянып кабарлады.
"Азыркы кургакчылык акыркы 500 жыл ичинде болгондордун эң кейиштүүсү. Бул алгачкы баамдоо, сезондун соңунда маалыматтарды тастыкташыбыз керек", — деди европалык аткаминер.
Белгилей кетсек, бул жайда Европада күн катуу ысып, рекорддук көрсөткүчтөргө жетүүдө. Климат боюнча Copernicus кызматынын маалыматына ылайык, акыркы жети жыл Жер жүзүндө абдан ысык болгон.
Дүйнөдө суу талашкан согуш башталабы? Адистердин пикири