Акыркы мезгилде өзгөрүп кеткен. Дугинанын өлүмүнө шектүүнүн атасынын видеосу

Саясат таануучу Дарья Дугинанын өлүмүнө шектелип жаткан Наталья Вовктун Украинанын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөнүн атасы маалымдады.
Sputnik
Анын айтканына караганда, кызы бир нече күн мурда байланышка чыккан. Шектүү Балтика боюндагы өлкөлөрдүн биринен чалган.
Эске салсак, журналист жана саясат таануучу Дарья Дугина 20-августта кечинде киши колдуу болуп каза тапкан, тагыраагы, ал кетип бара жаткан автоунаа жардырылган. Трагедия Подмосковьенин Одинцово районундагы Можайск шоссесинде болгон. ФСБнын маалыматына караганда, бул окуянын артында Украинанын атайын кызматы турат.