Ысык-Көлдө айрым жолдор убактылуу жабылат. Себеби

ЖКККББ Ысык-Көл облусунун тургундары жана конокторун жол эрежесин бузбоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда айрым жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны жана КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Жаштар форуму болот. Саммитке ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жана байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө.
"Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейин жана Чолпон-Ата — Кырчын маршруту боюнча делегация келген учурда жолдор маал-маалы менен жабылып турмакчы. Жол жээгине токтотулган автоунаалар алынат", — деп айтылат маалыматта.
ЖКККББ аталган иш-чаралар мамлекеттик деңгээлде маанилүү болгондуктан Ысык-Көл облусунун тургундары жана конокторун киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, жол эрежесин бузбоого чакырды.
Ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтүп, маанилүү документке кол коюлат