Ульяновскиде көз жумган 14 кыргыздын сөөгүн туулган айылдарына алып кеткен видео

Президенттин тапшырмасы менен өкмөт мүчөлөрү маркумдардын туулган айылдарына барып, тажияларына катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Россиянын Ульяновск облусунда каза тапкан 14 кыргызстандыктын сөөгү учак менен Ош шаарына жеткирилип, андан ары туулган айылдарына Тез жардамдын, ӨКМдин автоунаалары алып кетти.
Маркумдардын сөөгүн алып кетүүгө "Ош" аэропортуна жакындары жана президенттин Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана ӨКМдин кызматкерлери барган.
Белгилей кетсек, Россияга ӨКМ жетекчиси Бообек Ажикеев министрликтин куткаруучулары менен барып келди. Ал маркумдардын сөөгүн аныктап, аларды мекенге алып келүүдө Россиянын ӨКМи жана жергиликтүү бийлиги менен чогуу бир топ машакаттуу иш алып барышканын белгиледи.
Андан сырткары, президенттин тапшырмасы менен өкмөт мүчөлөрү маркумдардын туулган айылдарына барып, тажияларына катышуу үчүн кошо кетишти.
Ульяновскиде каза тапкан мекендештердин үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон берилет