Украинадагы элчи кыргызстандыктарды бул өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштады

Эске салсак, Украинада Россиянын атайын операциясы жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Украинадагы элчи Идрис Кадыркулов кыргызстандыктарды аталган өлкөгө барбай турууга чакырды. Кайрылуусун ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
"Украина бийлигинин сунуштарына ылайык, Киев шаарынын борборуна, эл көп чогулган жерлерге, аскердик жана административдик мекемелердин жанына барбай турууну суранабыз", — деди элчи.
Ошоной эле Украинага келүүнү пландап жаткан мекендештерге сапарын убактылуу токтотуп туруу, ал эми бул өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарга кырдаал толук турукташканга чейин республикадан чыгып кетүү сунушталды.
Радио
Эшимов: мигранттарга юридикалык жардам берчү тейлөө борборлорун ачуу керек